Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу башталды

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Босого конушунда 140 орундуу бала бакчанын курулушун баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мектепке чейинки мекеме бир кабаттуу. Имараттын жалпы аянты – 1 413 чарчы метр. Ал эми жердин аянты – 0.5 га.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле музыка-гимнастикалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу иштери жүрүп жатат. Мектепке чейинки мекемени куруу үчүн «AT Empire» ЖЧКсы подряддык уюму менен келишим түзүлгөн.