«Кадамжай» көмөк чордонунда күз-кыш мезгилине даярдалууда
Баткен электр тармактар ишканасынын «Көмөк чордондор» бөлүмү тарабынан 110/35/6кВ «Кадамжай» көмөк чордонунда 2023-2024 күз-кыш мезгилине даярдыктын алкагында пландалган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
«Кадамжай» көмөк чордонунда төмөнкү жумуштар аткарылууда:
• Т-1 күчтөндүрүүчү трансформаторду кароодон өткөрүү;
• профилактикалык сыноодон жана анын кошумчаларын кароодон өткөрүү;
• диспетчердик аталыштарын жаңыртып жазуу.
Бул иштердин максаты күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо