> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Унаа жуучу жайларга салынган чектөөлөр алынды
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/27/unaa-zhuuchu-zhailargha-salynghan-chiektoolor-alyndy/
- Published: 2023-07-27T05:05:33.000Z
- Updated: 2023-07-27T05:05:32.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.**

Такталгандай, Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу «Орто-Алыш» башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду.

Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 м3/саатка көбөйгөн. Азыркы учурда суу топтомодогу бардык скважиналар штаттык режимде иштеп жатат.

Бишкек шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы туруктуу кырдаалды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр 2023-жылдын 25-июлунан баштап алынып салынды.