Унаа жуучу жайларга салынган чектөөлөр алынды

Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Такталгандай, Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу «Орто-Алыш» башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду.

Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 м3/саатка көбөйгөн. Азыркы учурда суу топтомодогу бардык скважиналар штаттык режимде иштеп жатат.

Бишкек шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы туруктуу кырдаалды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр 2023-жылдын 25-июлунан баштап алынып салынды.