АМТ ишиндеги мүчүлүштүктөргө байланыштуу кыргыз-казак чек арасында унаалар топтолууда

Бүгүн, 28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, күн мурун, 27-июлда саат 22:50дөн баштап «Ак-Тилек-автожол», «Чоң-Капка-автожол», «Чалдыбар-автожол», «Ак-Жол-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын «Жыйынды посту» автоматттык маалыматтык тутумунун (АМТ) ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

АМТ ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган.