> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош облусунун Тарылга айылынын жолу асфальтталат – буга чейин тургундар жол тосушкан
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/28/osh-oblusunun-tarylgha-aiylynyn-zholu-asfalttalat-bugha-chieiin-turghundar-zhol-tosushkan/
- Published: 2023-07-28T11:45:50.000Z
- Updated: 2023-07-28T11:45:50.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Кара-Суу районунун Папан Айыл өкмөтүнүн Тарылга айылынын эли жана көмүр казган компаниянын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу облустук администрация билдирди.**

Жолугушууда элдин талабын бат жана ыкчам чечүү үчүн бир канча сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында, ошол жолдон каттаган ар бир жүк ташуучу жана көмүр казган ишкерлер менен биргеликте жолду оңдоо чечими кабыл алынды.

Бул чечимге айыл тургундары ыраазычылыгын билдирип, финансы жана курулуш иштерин ачык айкын жүргүзүү үчүн өздөрүнөн бир өкүл шайлашты.