«Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Ош – Ысык-Көл багыты боюнча биринчи каттамы тосуп алынды

2023-жылдын 28-июлунда «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча жаңы каттам салтанаттуу түрдө тосуп алынды. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Салт боюнча ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясынын Airbus A320 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Оштон биринчи каттам менен 178 жүргүнчү учуп келсе, 180 адам Ошко учуп кеткен.

Бул багытта үзгүлтүксүз каттамдар жумасына бир жолу – жума күндөрү аткарылат.