«Тазалык» 220 таштанды аянтчасын оңдойт

«Тазалык» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы таштанды аянтчаларын  жууп-тазалоо, контейнерлерди оңдоо, сырдоо, дөңгөлөктөрдү алмаштыруу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ар бир райондо экиден бригада иштеп жатат. Бир айдын ичинде шаар боюнча 220 таштанды аянтчасы  жана 1200дөй контейнер оңдолду.

Таштанды аянтчаларынын толук жараксыз болушу бул таштандыларды башаламан чачууга, айлананын көркүн бузуп, ар кандай жугуштуу ооруларды жугузууга шарт түзөт. Ошондуктан “Тазалык” муниципалдык ишканасы биринчи кезекте таштанды таштоочу жайлардын тазалыгына жана толук иштешине көңүл бурат.