Төө-Ашуунун жолу 6-августка чейин жабылат – Транспорт министрлигинин эскертүүсү

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин жолу асфальтталып жаткандыгына байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин унаа кыймылы чектелип, жол убактылуу жабылып жатканын эскертилди.

Трнаспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дон баштап 16:00го чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабылууда.

Ал эми борбор калааны көздөй — Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):

Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: эртең мененки саат 05:00дон баштап 16:00го чейин,

Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап 16:00го чейин жабык болот.