Ошто Масалиев көчөсү жабылды - схемасы

Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин жыйынтыктоочу 5-этабы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, 31-июль күнү саат 23:00дө А.Масалиев менен Ж. Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнүн кесилишинен, И. Раззаков (“Каныкей эне” сквери) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылды.

Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз.