20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилген.

Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Жүргүнчүлөр төмөнкү жолдор менен төлөй алат:

• үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

• Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;

• Виртуалдуу NFC картасы;

• Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;

• Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Стандарттык көк карталарды «Кыргызпочтасы» ААК кеңселеринен, О! Мегаком, Билайн мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алсаңыздар болот. Көк стандарттык карталарды сатуу пункттарын төмөнкү шилтемеден көрүүгө болот.