Чуңкурчак жайлоосунда «Kымыз-FEST-2023» этнофестивалы өтөт

2023-жылдын 5-август күнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чуӊкурчак жайлоосунда республикалык деңгээлде «Kымыз-FEST-2023» этнофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлады.

Иш-чаранын жүрүшүндө боз үй шаарчалары тигилип, бээнин сүтүнөн жасалган кымыздын жана кол өнөрчүлөрдүн мастер класстары, асыл тукум жаныбарлардын жарманкеси, ошондой эле спорттун үч түрү: аркан тартыш, кол күрөш жана таяк тартыш боюнча мелдештер жана башка иш-чаралар уюштурулат.

Кароо- сынактын жыйынтыгы менен катышуучуларга сыйлыктар тапшырылат.

Белгилей кетсек, фестивалдын максаты кыргыз элинин үрп-адаттары аркылуу улуттук суусундук катары бээнин сүтүнөн даярдалган кымыздын тарыхый баалулугун, асылдыгын жалпы жаш муундарга жайылтуу менен кымызды ичүүнүн маданиятын, анын жасоо шарттары жана түрлөрү, ошондой эле, ден соолукка пайдалуулугу зор экендиги жөнүндө коомчулукка кеңири маалымат жайылтуу болуп саналат.