Энергетиктерге бардык шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине тиешелүү жабдуулардын баары бар – энергетика министри
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын Аламүдүн РЭТине барды. Бул тууралуу министрлик кабарлады.
Министр Аламүдүн РЭТинин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы менен таанышты жана ишкана кыш мезгилинде авариялык өчүрүү орун алса, керектүү болгон аба чубалгылары, трансформатор жана керектүү жабдуулар менен камсыз болгондугуна күбө болду.
Министр Чүй электр тармактар ишканасынын жетекчилигине алдыдагы күз-кыш мезгилине карата оңдоп-түзөө иштерин өз убагында бүтүрүүнү жана сапаттуу жасоону тапшырды.
"Бүгүнкү күндө энергетиктерге баардык тиешелүү шарттар түзүлүп, оңдоп-түзөө иштерине керектүү жабдуулардын баары бар. Болгону жоопкерчиликтүү иш алып баргыла! Калкты үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылуу энергетиктердин башкы милдети экендигин унутпагыла. Биз баардык энергокомпанияларды техника, керектүү жабдуу менен камсыз кылганга болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Эмне керек болсо, азыртадан кайрылгыла. Маселени убагында чечели" - деди Ибраев.