Миң-Куштагы «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды

Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылында «Туюк-Суу» калдык сактоочу жайын рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Миң-Кушта төрт калдык сактоочу жай бар: «Талды-Булак», «Туюк-Суу», «Как» жана «Дальнее».

КМШга кирген мамлекеттердин аймактарындагы уран калдыктарын сактоочу жайлар менен байланышкан проблемаларды чечүү үчүн 2013-жылдан тартып "ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттердин уран казып алуу өндүрүшүнүн таасирине дуушар болгон аймактарын рекультивациялоо" Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда.

Бул программанын катышуучулары болуп Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан саналат. Коңшу катышуучу өлкөлөрдө бул программанын алкагында милдеттенмелер ийгиликтүү аткарылууда.

Аталган программанын алкагында Россиянын «Росатом» мамлекеттик корпорациясы КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте калдык сактоочу жайларды рекультивациялоо боюнча иш алып барууда.

Радиациялык коопсуздугун камсыздоо үчүн калдыктарды сактоочу жайларды эвакуациялоо жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын жана пикирлерин эске алуу менен жүргүзүлдү.

Адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана айлана-чөйрөнү өлкө аймагындагы көптөгөн калдык сактоочу жайлардын терс таасиринен коргоо - мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенине өзгөчө басым жасап, Мамлекет башчысы радиоактивдүү калдыктар менен иштөөдө жана уран калдыктарын ташууда коопсуздукту камсыз кылууну тапшырды.