> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Караван» аэропортунда ондоо иштери 5-августта аяктайт
- URL: https://im.kg/koom/2023/08/03/karavan-aeroportunda-ondoo-ishtieri-5-avghustta-aiaktait/
- Published: 2023-08-03T05:30:42.000Z
- Updated: 2023-08-03T05:30:42.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Караван» аэропортунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.**

Аталган аэропортто учурда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК тарабынан акча-каражат бөлүнүп, аэропорттун учуп-конуу тилкеси, асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүрүүдө.

«Караван» аэропортунда учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчолору жана учак токтотуучу жайлары толук кандуу оңдолууда. Аталган иштердин баардыгын үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин бүтүрүүнү көздөп жатабыз. Аэропортко келип кызматкерлерге жолугуп маселелерин жеринен уктум. «Караван» аэропортуда ондоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан текшерүүдөн өтүп, жарактуулук тастыктамасы берилет.

> «Аталган агенттик уруксат бергенден кийин аэропорт толук кандуу ишке киргизилет. Бул аэропорт жергиликтүү каттамдарга ылайыкталган, Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча каттамдар 4 мезгил бою, ал эми Кербен-Ысык-Көл-Кербен багыты боюнча каттамдар жайкы туристтик мезгилде аткарыла баштайт», - деп билдирди Манасбек Самидинов.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/362697783_591874279773644_6095098024463869329_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/365066752_591874116440327_7533211861011210031_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/362680272_591873296440409_8601183348470256659_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/08/362668824_591872903107115_1472731866609872716_n-1.jpg)