«Караван» аэропортунда ондоо иштери 5-августта аяктайт

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов «Караван» аэропортунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Аталган аэропортто учурда «Манас» эл аралык аэропорту» ААК тарабынан акча-каражат бөлүнүп, аэропорттун учуп-конуу тилкеси, асфальт-бетон төшөлмөсүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштери толук кандуу жүрүүдө.

«Караван» аэропортунда учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчолору жана учак токтотуучу жайлары толук кандуу оңдолууда. Аталган иштердин баардыгын үстүбүздөгү жылдын 5-августуна чейин бүтүрүүнү көздөп жатабыз. Аэропортко келип кызматкерлерге жолугуп маселелерин жеринен уктум. «Караван» аэропортуда ондоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан текшерүүдөн өтүп, жарактуулук тастыктамасы берилет.

«Аталган агенттик уруксат бергенден кийин аэропорт толук кандуу ишке киргизилет. Бул аэропорт жергиликтүү каттамдарга ылайыкталган, Бишкек-Кербен-Бишкек багыты боюнча каттамдар 4 мезгил бою, ал эми  Кербен-Ысык-Көл-Кербен багыты боюнча каттамдар  жайкы туристтик мезгилде аткарыла баштайт», - деп билдирди Манасбек Самидинов.