«Чакан ГЭС» ААК энергетиктери утурумдук оңдоо иштерин улантууда

«Чакан ГЭС» ААК энергетиктери утурумдук оңдоо иштерин улантууда. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Оңдоо иш-чаралардын алкагында «Чакан ГЭС» ААК энергетиктери Аламүдүн-6 гидроэлектростанциясындагы №2 гидроагрегатын утурумдук оңдоо иштеринен өткөрдү. Энергетиктер муздаткыч радиаторлорду тазалап, турбинанын подшипниктерин оңдоп, гидроагрегаттын жабдууларына электрдик өлчөө жана профилактикалык көзөмөл жүргүзүштү.

Мындан тышкары, «Чакан ГЭС» ААК кызматкерлери адистештирилген компаниянын өкүлдөру менен биргеликте Аламүдүн-1 гидроэлектростанциясындагы №2 гидроагрегатында капиталдык оңдоо иштерин алып барууда.  

Энергетиктер утурумдук оңдоо иштерин 4-5 күн ичинде бүтүрүшсө, капиталдык ондоо иштерин жүргүзүү болжол менен 45-60 күнгө созулат.  Аткарылган жумуштар электр энергияны үзгүлтүксүз иштеп чыгууга жана ар бир үйгө жарык берүүгө багытталган.