Ысык-Көлдүн Ак-Терек айылында узундугу 8 чакырымга жакын аба чубалгылары реконструкцияланууда

Ысык-Көл Электр тармактар ишканасынын курулуш-монтаждоо башкармалыгынын кызматкерлери Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылындагы 0.4 кВ  аба чубалгылары калыбына келтирүүдө. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Реконструкция учурунда эки эсе көп колдонулган эски жыгач мамычалар 185 даана өлчөмүндө жаңы темир-бетон мамычаларга  алмаштырылат жана  8 чакырымга жакын электр зымдары жаңыланат.

Азыркы убакта 130 темир-бетон мамычалар орнотулуп, узундугу 5 чакырымдан ашык электр зымдары тартылып бүттү.

Ошентип, Ак-Терек айылынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыздоо сапаты жогорулайт.

Белгилей кетсек, жогорудагы иштер Ак-Терек айылынын жергиликтүү бийлиги  менен биргеликте жүргүзүлүүдө.