Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 14 көмөк чордонду күз-кыш айларына карата даярдыктан өттү

Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 14 көмөк чордонду күз-кыш айларына карата даярдыктан өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда Жалал-Абаддын энергетиктери 2023-2024-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата камылгаларды кызуу көрүп жатат.

Аталган кызмат көмөк чордондордун релелерин текшерип, норматив боюнча иштөө ыргагын көзөмөлдөн өткөрүштү. Кайрадан калыбына келтирүү жумуштарынын негизинде карта куймаларына байкоо жүргүзүштү.

Мындан тышкары иштен чыгып калган реле-тетиктер алмаштырылып, облустагы ар бир көмөк чордон жылытуу мезгилине даярдыктан өтүүдө.