«Манас» аэропорту акционерлерине дивиденддерди төлөп баштады

2023-жылдын августунан баштап «Манас» аэропорту өзүнүн акционерлерине дивиденд төлөп баштады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.

Маалыматка ылайык, дивиденддер «РСК банкынын» бөлүмдөрүндө төлөнөт. Бир акциянын баасы 47.83 сомго барабар.