Нарын — Баетов унаа жолунун 36 чакырым аралыгы оңдолот

Мамлекеттик маанидеги Нарын — Баетов унаа жолун оңдоо иштери кызыды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.

Такталгандай, учурда унаа жолдун 9-14-чакырым аралыгында жер иштери жүрүп, жол кеңейтилип, асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Ал эми 115-120-чакырым аралыгында 1250 метр жабык дренаж жасалып, азыркы тапта түтүктөрдү орнотуу менен жолду таптоо жана кеңейтүү иштери жүрүүдө.

Жол куруу иштерин «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын№ 1 Жол курулуш башкармалыгынын кызматкерлери атайын тартылган техникалар менен аткарышууда.

Быйыл жолдун 36 чакырымын оңдоо каралган.