«Тенир Тоо» фонду Нарындагы төрөт үйүн капиталдык оңдоосуна 10 млн сом бөлөт

Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын Төрөт бөлүмүнүн имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоо иштерине «Тенир Тоо» өнүктүрүү фондунан 10 млн сом бөлүнөт. Буга чейин фонддун эсебинен 2 млн 987 миң сомго аталган имараттын чатыры алмаштырылган.

Мындан сырткары, облустук оорукананын Жандандыруу бөлүмүнө аталган фонддон 3 млн 373 миң сом бөлүнүп, капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү Жандандыруу бөлүмүндө жүргүзүлгөн ремонт иштеринин сапатына жакшы баа беришти. Ал эми Төрөт бөлүмүнүн чатырындагы жумуштарда айрым кемчиликтерди белгилеп, калыбына келтирүү сунушун билдиришти.