Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолуна асфальт төшөлдү – Транспорт министрлиги

Быйыл Барпы-Ийри-Суу-Өзгөн унаа жолунун 5 чакырымы оңдолуп, буга чейин жасалган жумушту эске алганда жалпысынан 15 чакырымы асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош, Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында аталган жолго барып, аткарылган жумуштун жыйынтыгын көрүп, асфальт жаткыруудан кийинки жолдун четин бекемдөө сыңдуу иштерди да бүткөрүүнү тапшырды.

Министр калкка шарт түзүп берип, элет элинин күнүмдүк жашоосун жеңилдетүү максатында жол оңдоо иштери күчөп, буга чейин 500 метр, бир чакырым жерге асфальт төшөлүп келсе, эми 10-15 чакырымдан жол жасаларын белгилеп өттү.

Айта кетчү жагдай, аталган жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланып, жалпы 15 км асфальт төшөө жана 3 көпүрө салуу иштери пландаштырылган. Бүгүнкү күндө асфальт төшөө иштери 8-августта толук бүткөрүлдү.