> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек жаңы автобустардын биринчи партиясын күтүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2023/08/11/bishkiek-zhany-avtobustardyn-birinchi-partiiasyn-kutuudo/
- Published: 2023-08-11T10:42:19.000Z
- Updated: 2023-08-11T10:42:19.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Бишкектин муниципалитети 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясын күтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.**

Жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек шаарынын калкты тейлөө линиясына чыгат.

Ошондой эле, Zhong Tong Bus компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен ZHONGTONG BUS HOLDING CO., LTD LCK6105 моделиндеги менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.