Бишкек жаңы автобустардын биринчи партиясын күтүүдө

Бишкектин муниципалитети 50 даана жаңы жүргүнчү ташуучу автобустардын биринчи партиясын күтүүдө. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы автобустар 2023-жылдын 15-сентябрына чейин Бишкек шаарынын калкты тейлөө линиясына чыгат.

Ошондой эле, Zhong Tong Bus компаниясы менен макулдашылган график боюнча 450 даана жүргүнчү автобустарын жеткирүү 2023-жылдын аягына чейин күтүлүүдө, калган 500 даана  2024-жылдын 1-кварталында келет.

Эскерте кетсек, буга чейин 1000 даана жүргүнчү автобустарын газ кыймылдаткычы менен  ZHONGTONG BUS HOLDING CO., LTD LCK6105 моделиндеги  менен жеткирүү боюнча келишимге кол коюлган.