> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот
- URL: https://im.kg/koom/2023/08/16/emi-kyrghyzstanda-et-azyktarynyn-sapatyn-qr-kod-arkyluu-tiekshiersie-bolot/
- Published: 2023-08-16T03:22:59.000Z
- Updated: 2023-08-16T03:22:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди.**

Аталган министрликтин маалымтына таянсак, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

> "Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат", - деп айтылат маалыматта.  

Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.