“Кыргыз Почтасы” Кытайда расмий өкүлчүлүгүн ачты (видео)

"Кыргыз Почтасы" ААК Кытайдын Кашгар шаарында өзүнүн расмий өкүлчүлүгүн ачты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги Талантбек Иманов билдирди.

Иманов мындай кадам Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү учуру болуп саналарын, Кашкардагы "Кыргыз Почтасынын" өкүлчүлүгү эки өлкөнүн ортосундагы почталык инфратүзүмүнүн өнүгүүсүнө жана соода-экономикалык байланыштын бекемделишине түрткү берерин айтты.

"Жаңы ачылган өкүлчүлүк чек аралык электрондук сооданын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишинде маанилүү роль ойноп, бизнес жана керектөөчүлөр ортосундагы өз ара кызматташтыгын натыйжалуу жүргүзүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
"Кыргыз Почтасынын" өкүлчүлүгү өз ишин баштаары менен Кашкар шаарындагы Атайын Экономикалык Аймагында орун алган Кытай Почтасынын Эл аралык почталык алмашуунун ордунда өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзө баштайт. Бул стратегиялык маанидеги локация эки өлкөнүн почталык операцияларды натыйжалуу жүргүзүүгө жана кардарларды тейлөөгө жагымдуу шарт түзүп берет", - деди ал.