Сентябрда "УЛУТТУК STARTUP" хакатону өтөт – байге 15 миң доллар

16-сентябрда Кыргызстандын бардык аймактарында экономиканын түрдүү тармактарына багытталган масштабдуу "УЛУТТУК STARTUP" хакатону башталат. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулары Codify, Accelerate Prosperity жана Кыргызпатенттин маалымат кызматтары билдирди.

Маалымдалгандай, 16-сентябрдан 20-сентябрга чейин Бишкек шаарында "УЛУТТУК STARTUP" хакатону өтөт. Иш-чаранын ачылыш аземи 16-сентябрда саат 10:00дө БААУда өтөт, анда бизнеске умтулган ишкерлер жана стартап-идеянын ээлери 15 миң доллар өлчөмүндөгү байге фонду үчүн ат салышат.

Иш-чарада 1 миң стартапчы Кыргызстандын Стартап Экосистемасынын өнүгүшүнө чоң салым кошо ала турган улуттук масштабдагы кызыктуу долбоорлорун тартуулашат.

"УЛУТТУК STARTUP" хакатону – жаштарга жана ишкерликке умтулган жарандарга тажрыйбалуу жана ийгиликтүү стартаптардан жана бизнесмендерден колдоо алуу, жаңы тажрыйбаларды үйрөнүү, потенциалдуу инвесторлордун көңүлүн бурдуруу жана бизнесин өнүктүрүү үчүн акчалай сыйлык утуп алуу мүмкүнчүлүгүн берет", – дейт Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева.

Улуттук Startup иш-чарасынын максаты - жаштарды бизнес секторуна окутуу жана тартуу, алардын ишкердик боюнча тажрыйба алуусу, креативдүү чечимдерди табуусу жана стартап-ой жүгүртүүнү өнүктүрүүсү үчүн аянтча менен камсыз кылуу.

Ал эми 20-сентябрда жыйынтыктоочу иш-чара болот, анда 150 стартапчы-жарым финалист өз долбоорлорун презентация кылат. Ошондой эле иш-чарасынын ачылышынын алкагында панелдик сессиялар өткөрүлөт.

  • Ачылыш аземи: 16-сентябрь, Борбор Азиядагы Америка Университети, саат 10:00.
  • Дареги: Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү.
  • Жыйынтыктоочу иш-чара: 20-сентябрь, Кыргызпатентке караштуу Инновация борбору. Дареги: Эркиндик көчөсү, 58/аКаттоо: 14-сентябрга чейин болот. Кененирээк бул жерден таанышсаңыз болот.