1-сентябрда Кыргызстанда 42 мектеп ачылат – Мамкурулуштун убадасы

1-сентябрда 42 мектеп жана 4 спортзалдын ачылат. Бул тууралуу Мамкурулуштун жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Анын айтымында, Мамкурулуш тарабынан 46 мектепте жана мектептердин спорттук залдарында курулуш иштери аяктап, ачылыш алдында турат.

Жаңы курулган мектептер сапаттуу, ыңгайлуу жана заманбап ашкана, спортзал, концерттик зал, мектеп эмеректери менен толук камтылган.