Бишкектеги «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушу бузулат

Бишкектеги «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушу бузулат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда Горький көчөсүн бойлой тротуар курууга тоскоол болгон объектилер боюнча видео жарыяланган.

Окуя болгон жерге  мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Биринчи май районунун акиминин милдетин аткаруучусу  Райым Жолдошов, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Горький көчөсүн бойлой жайгашкан «Халил Ибрагим» кафесинин кошумча курулушун бузуу иштери башталды. Аталган башкармалыктын кызматкерлери «Бишкекбашкыархитектура» МИ, Биринчи май акимиатынын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барууда.

Ошондой эле, иштин жүрүшүндө көчөдө мыйзамсыз курулган объектилер Горький 179, 178, 176 демонтаждалууда.