Бишкекте биринчи жолу коомдук транспорт үчүн атайын тилке даярдалды

Бишкекте биринчи жолу коомдук транспорт үчүн атайын тилке даярдалды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Мэрия коомдук транспорттун кыймылы үчүн өзүчө тилке бөлүү - бул жол кыймылынын шарттарын жакшыртууга гана эмес, айлана-чөйрөгө жалпы экологиялык жүктү азайтууга да мүмкүндүк берет деп үмүттөнөт.

Бишкек шаарынын жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча штабдын комиссиясынын 2023-жылдын 4-августундагы чечимине ылайык, 12-кичи районундагы Токомбаев көчөсү боюнча Байтик Баатыр көчөсүнөн Нуркамал Жетикашкаева көчөсүнө чейинки бөлүнгөн тилкелер үчүн (батыш жана чыгыш багытында) жолдорду уюштуруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечими кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Транспорт департаменти тарабынан бөлүнгөн тилкелердин чийиндерин түшүрүү жана жол белгилерин орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жол иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин бүтүрүү пландалууда.