Маданият министрлиги TikTok жабуу чечимин жарыялады

Маданият министрлиги Кыргызстандын аймагында TikTok кызматынын ишин токтотуу чечимин жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, өлкөдө балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна терс таасирин тийгизген TikTok социалдык тармагынын зыяндуу таасири боюнча бир катар бейөкмөт уюмдардан даттануулар көбөйдү.

Буга байланыштуу Маданият министрлиги TikTok сайтындагы контентке мониторинг жүргүзүп, социалдык тармакта балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтарды алууга чектөөлөр жок, ошондой эле жаш категориясына көзөмөл жок деген жыйынтыкка келген.