Нургалы Асаналиев: Кыргыздар дайыма эркиндик үчүн күрөшүп келишкен

Эгемендүүлүк - күнү мамлекетибиз жана элибиз үчүн эң маанилүү майрам. Бул тууралуу «Каганат» фондунун негиздөөчүсү Нургалы Асаналиевдин куттуктоосунда айтылат.

«1991-жылдын 31-августунда Кыргызстандын тарыхында жаңы барак ачылды – Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгы жана эгемендиги жарыяланды. Ал эми бүгүнкү күндө бул майрам улуттук биримдиктин, ынтымактын жана өлкөбүздүн бүгүнкүсү жана келечеги үчүн жоопкерчиликтин символу», - деди ал.

«Кыргыздар менен жанаша жашаган көптөгөн элдер жок болуп кетишти. Биздин ата-бабаларыбыз дагы оор тарыхый сыноолорго дуушар болуп, элдин башына кара булут айланган учурлар болду. Антсе да, кыргыздар багынбай, жер, мамлекеттүүлүк, эркиндик үчүн күрөшүн токтотпой келишти. Алар бизге 3000 жылдан ашык бай тарыхты калтырышты! Жана биз алар менен ар дайым сыймыктанабыз.

Кыргыз каганатын – Енисейден Чыгыш Түркестке чейин созулган эбегейсиз зор мамлекетти эстебей коюу мүмкүн эмес. Бул өз алдынча мамлекетти Барсбек-каган негиздеп, кыргыздарды жана башка коңшу урууларды бириктирген - деди Нургалы Асаналиев.

«Ошондой эле Барсбек каган, кубаттуу армиясын түзүп, активдүү тышкы саясат жүргүзүп, кыргыздардын аймагын бир топ кеңейткенин» - айтат ал.

Фонддун жетекчиси учурда тартуучу топ “Барсбек-Каган” тарыхый тасмасын тартууну баштаганын кошумчалады. «Ушундай майрам күнү, кыргыздын улуу башкаруучусу жөнүндөгү тасмадан кадрлар менен бөлүшкүм келет», - дейт Нургалы Асаналиев.

«Бүгүнкү күндө эгемендүүлүктү, тарыхый мурасыбызды сактап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн, элдин бакубат жашоосун камсыздап жана ошондой эле күчтүү экономикалык, социалдык өнүгүүнү жаратуу баарыбыз үчүн маанилүү экенин белгилегим келет», - деп жыйынтыктады Нургалы Асаналиев.