Бүгүн транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү – Салык кызматы

Бүгүн, 1-сентябрда транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыктарды төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга Мамлекеттик салык кызматы салыкты чакырат.

Салыкты банктардын кассалары, почта бөлүмдөрү, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдары, төлөм карталары, мобилдик жана интернет-банкинг аркылуу төлөөгө болот.

Кеңири маалыматты 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.