Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Салык кызматынын лотереясынын утуучусу болгон – бирок байгесин колуна ала элек

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков Салык кызматынын «Чек талап кыл, байге утуп ал» лотереясынын утуучусу болгон. Бирок ушул убакытка чейин байгесин кызмат тапшырган эмес. Депутат нараазычылыгын соцтармактарда билдирди.

Анын айтымында, ал iPhone 14 утуп алган, бирок ушул убакытка чейин анын байгесин эч ким тапшырган жок.

Салык кызматынын өкүлдөрү байгелер лотерея өткөндөн кийин үч айдык убакыттын ичинде берилет деп жооп тартышты.