> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Билим берүү тармагына 33.9 млрд сом бөлүндү
- URL: https://im.kg/koom/2023/09/05/bilim-bieruu-tarmaghyna-33-9-mlrd-som-bolundu/
- Published: 2023-09-05T09:23:43.000Z
- Updated: 2023-09-05T09:23:43.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**2023-жылга республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерине такталган жылдык планга ылайык 52 млрд каралган. 2022-жылга салыштырмалуу 5.8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.**

Бүгүнкү күндө 33,9 млрд сом каржыланды. Алар:

\- эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө 32.8 млрд сом;

\- билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын «Тамак-аш» беренеси боюнча чыгашалар 454 млн сом;

\- билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70.9 млн сом;

\- жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152 млн сом;

\- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;

\- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4.8 млн сом;

\- «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1.8 млн сом; 

\- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114.1 млн сом суммасында; 

\- Мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.