Билим берүү тармагына 33.9 млрд сом бөлүндү

2023-жылга республикалык бюджеттен КР Билим берүү жана илим министрлигине, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү мекемелерине такталган жылдык планга ылайык 52 млрд каралган.  2022-жылга салыштырмалуу 5.8 млрд сомго көп. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө 33,9 млрд сом каржыланды. Алар:

- эмгек акыга жана Соцфондго чегерүүлөргө 32.8 млрд сом;

- билим берүү уюмдарынын студенттеринин, окуучуларынын «Тамак-аш» беренеси боюнча чыгашалар 454 млн сом;

- билим берүү уюмдарынын стипендияларына 70.9 млн сом;

- жалпы билим берүүчү мектептери үчүн окуу китептерин басып чыгарууга жана сатып алууга, анын ичинде Брайл арибиндеги окуу китептерин сатып алууга 152 млн сом;

- мектеп окуучуларынын эл аралык олимпиадасына 4 млн сом;

- мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасын жана математика боюнча республикалык олимпиаданы өткөрүүгө 4.8 млн сом;

- «Алтын тамга» артыкчылык аттестатына абитуриенттерди тестирлөө үчүн 1.8 млн сом;

- билим берүү мекемелерин учурдагы оңдоого 114.1 млн сом суммасында;

- Мектептердеги интернет байланышы үчүн абоненттик төлөмгө 14 млн сом бөлүнгөн.