"Альянс Алтын" жергиликтүү 150 окуучуга мектеп формасын алып берди

Талас районундагы Бекмолдо айылдык аймагындагы төрт орто мектебиндеги 1-класска бара турган 150 окуучуга "Альянс Алтын" компаниясы мектеп формасын алып берди. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдагы окуу жылы башталганда 1-класска бара турган төрт мектептин окуучуларына мектеп формасын белек кылган. Бул жылы дагы ошол эле аймактын 150 окуучусуна мектеп формасы берилди.

Бекмолдо айыл өкмөтүндөгү мектеп админстрациясы, ата-энелер компаниянын мындай комкордугуна ыраазчылыгын билдирди.

"Компания жалгыз эле формадан эмес баардык тараптан билим берүү тармагына колдоо көрсөтүп келе жатат", – деп Асылкан Бөрүбаев атындагы "Көк-Арык" орто мектебинин директору Асыранов Эржан белгиледи.

Эске сала кетсек "Альянс Алтын" компаниясы Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштетет. Компания өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү ишканалардын бири жана анда 1400дөй адам жумуш менен камсыз болгон.