Кара-Кеченин көмүрү кооптуу, аны аймактарга жеткирбей, өндүрүштү токтотуш керек – "Жашыл энергетика" фонду
Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн зыяны жана анын калк үчүн эмне үчүн кооптуу экендиги тууралуу Economist.kgге "Жашыл энергетика" коомдук фондунун жетекчиси, "Кыргызстандын Жашыл альянсынын" башкармалыгынын мүчөсү Анара Султангазиева айтып берди.
Анын айтымында, Кара-Кече көмүрү таптакыр сапатсыз. Ал колдонууга даяр болуу үчүн дагы кеминде 70 жыл күтүш керек. Мындан тышкары көмүр В3 классына кирет, ал өтө кичинекей жана ошондой эле күрөң жана кандай болгон күндө да таш сапаты төмөн болот.
"Кара-Кечи көмүрүнүн калориялуулугу да өтө төмөн. Салыштыра кетсек, Караганда көмүрүнүн калориялуулугу 7.5 миң ккалга жетет, ал эми биздин жердеги көмүрдө эң көп дегенде 3.5 миң ккал", – деди Султангазиева.
Мындан тышкары, Султангазиева Союз учурунда геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшүндө Кара-Кече кенинен урандын бөлүкчөлөрү табылганын кошумчалады.
"Ошондуктан мен бул кенди иштетүүгө тыюу салып, жабууну активдүү жактайм. Кара-Кечи көмүрүн ысытканда уран абага, андан өпкөбүзгө кирип кетет. Бул акырындык менен элди кырып жатат", – деди ал.
Буга чейин энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев 24.kgге Кара-Кече кенинен көмүрдү Бишкекте колдонууга тыюу салынарын билдирген. Анын айтымында, бул көмүр Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарына берилет. Султангазиева бул чечимге таптакыр макул эмес.
"Демек, аймактарда жашаган калк - эл эмеспи? Бишкектин тургундарын коргош керек, бирок башкаларды ууландырган туурабы? Менимче, бул туура эмес", – деп эксперт жыйынтыктады.