Кыргызстан улуттук паспортторду өзү чыгарып баштайт - видео

«Учкун» мамлекеттик басмаканасы үчүн заманбап жабдуулар сатылып алынган. Эми Кыргызстан улуттук документтерди өзү басып чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө паспорт мафиясы жоюлду. Паспортторду даярдоо дүйнөнүн эң алдыңкы өлкөлөрүндө колдонулган акыркы технологиялар боюнча жүргүзүлөт.

«Эми болсо көп баскычтуу коргоо системасы колдонулат. Коргоо деңгээли боюнча биздин паспорттор дүйнөнүн алдыңкы он өлкөсү менен тең тайлаша алат. Андыктан эми Кыргызстандын паспортторун бүгүнкүдөй сапатта жасалма кылып чыгарууга мүмкүн болбойт.

Мындан ары Кыргызстандын жарандарынын бардык улуттук документтери өзүбүздүн өлкөдө басылып чыгарылат, жүз пайыз мамлекеттин көзөмөлүндө болот», - деди Султанбаев.