Нарын облусу 2 гис маалымат сервисине кошулду

2023-жылдын 1-сентябрынан баштап Нарын облусу 2 ГИС маалымат сервисине кошулду. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, мындан ары уюлдук телефонубузга 2 ГИС мобилдик тиркемесин көчүрүп алуу менен Нарын облусунун картасын ачып, издеген дарегди навигатор менен тапканга мүмкүн бар.

Долбоор өкүлчүлүктүн аппаратынын реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын кызматкерлери менен 2 ГИС компаниясынын өкүлдөрүнүн тыгыз иш алып баруусунун натыйжасында 4 айда ишке ашырылды.

Нарын облусунун маалымат сервиси 1-сентябрдан баштап толугу менен ишке кирди. Картада облустагы бардык даректер, обьектилер, туристтик жайлар, транспорт каттамдары, жол чийиндери, жол белгилеринен бери камтылды. Жумуш көлөмдүү болгонуна карабай аз убакытта натыйжалуу бүткөрүлдү.