Бишкек "Эки дос" менен коштошту – анын ордуна сквер курулат

Сквердин салынышына тоскоол болгон акыркы объект буздурулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан объекттин ээси менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Киев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан,  капиталдык имарат – "Эки дос" тез тамактануу пункту өз ыктыяры менен демонтаждалды. Капиталдык имараттын жалпы аянты 163 чарчы метрди түзөт.

Эске салсак! Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров көчмө жыйындын алкагында борбор калаадагы жашыл аймактарды жакшыртуу жана санын көбөйтүү максатында жогорудагы көрсөтүлгөн аймакты көрктөндүрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берген. «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын негизинде коомдук эс алуу багынын долбоору иштелип чыккан.