Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыра баштады

Салык кызматы ушул жылдын 26-июнунан тартып 1-июлуну чейин ойнотулган «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшыруу процессин баштады. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жеңүүчүлөрдүн саны 1132 адамды түзгөндүктөн, байгелер этап-этабы менен тапшырылат. Алгач Lenovo маркасындагы ноутбукту утуп алган бактылуу адамдар өз байгелерин алышууда.

Байгени алуу үчүн жеңүүчү анын инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүшү керек. Утушту ошондой эле нотариалдуу күбөлөндүрүлгөн ишеним каты менен анын өкүлү да ала алат.

Белгилей кетсек, кызыктыруучу лотереянын утуштарына киреше салыгы салынбайт жана башка жыйымдар төлөнбөйт.

Салык кызматкерлери лотереянын жеңүүчүлөрү менен байланышып, байгелерди тапшыруунун датасы жана убактысы жөнүндө кабарлашат.