Жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү элди тоноо – Тазабек Икрамов

Жол кирени 20-22 сомго чейин көтөрүү элди тоноо болуп саналат. Бул тууралуу Facebook соцтармагында ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов жазып чыкты.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардын коомдук транспортторунун жол кире акысын 20-22 сомго чейин көтөрүүнү сунуш кылды.

«Бул дагы элди тоноо болуп эсептелет. Айрым үй-бүлөлөрдө беш-алты окуучу, стунденттер бар. Алардын жол кирелери үй-бүлөлүк бюджетке оңбогондой залака келтирет. Өкмөттүн эки жоопту чиновниги элдин жашоо шартын жакшырткандын ордуна тескерисинче, карапайым калктын чөнтөгүнө кол салып жатышат. Элди мынчалык тоногудай А. Жапаров менен Э. Абдыкадыров Гандурастан келишти беле?», - деди эл өкүлү.

Ошондой эле Икрамов Бишкектин конуштарында Кара-Кеченин көмүрүн сатууга тыюу салынганына да каршы болуп чыкты. Бул демилегини ал элди тоноо жана жеке кызыкчылыктар болушу толук мүмкүн деген ойду жүгүрттү.