Депутат Эмил Токтошев Россиядагы мигранттардын айдоочулук күбөлүктөрүнүн маселеси боюнча чараларды көрүүгө чакырды

7-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмиль Токтошев Россиянын Мамлекеттик Думасы өз аймагындагы айдоочулардын орусиялык айдоочулук күбөлүгү болгондо гана таксиде иштөөгө уруксат берүү жөнүндө мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарганын айтып, Россияда 700 миңден ашуун мекендештер иштеп жатканын белгиледи.

Токтошев буга байланыштуу эл өкүлү Кыргызстан ЕАЭБге жана башка интеграциялык бирикмелерге мүчө экенин эске алып, чукул чараларды көрүүгө чакырды.

Ал эми депутаттар Айбек Осмонов жана Айбек Маткеримов Конституцияга ылайык ар бир адам билим алууга укуктуу экенине токтолуп, аткаруу бийлигин калктын билим берүү кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, бала бакчаларды, мектептерди жана жогорку окуу жайларды материалдык-техникалык жактан камсыздоону жакшыртууга чакырышты.

Муну менен катар Айбек Маткеримов мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл буруп, акыркы убакта бул жоопкерчилик толугу менен ата-энелерге жүктөлгөнүн кошумчалады.