Кыргызстанда «Аймактардын форуму-2023» өттү

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) “Аймактардын форуму – 2023” иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу USAID маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, иш-чаранын максаты - жергиликтүү башкаруу жана калктын жашоосун жакшыртууга багытталган жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды уюштуруу боюнча тажрыйба алмашуу (мисалы, суу менен камсыздоо, катуу таштандыларды чыгаруу, билим берүү, спорт жана музыкалык ийримдер, маалымат кызматтары ж.б.).  

Бул форумга Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынан мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 130дан ашык өкүлдөрү катышты.

Форум USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор өлкө боюнча 38 пилоттук муниципалитет менен иш алып барат. Долбоор аларды жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун укуктук негиздерине, тарифтерди эсептөөгө, стандарттарды даярдоого, жашоочулардын муктаждыктарын баалоого, жарандарды талкууга тартууга, мамлекеттик сатып алуулардын ыкмаларына жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга үйрөтүп жатат.