Аксы районунда 100-орундук мектеп ачылды – сметалык баасы 93 млн сомду түздү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Кара-Жыгач айылындагы Асанбек Кулубаев атындагы №64 Дардак-Дөбө мектебинин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу ЖКнын төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага 100 окуучуга ылайыкташкан аталган жаңы окуу имаратынын курулушу менен таанышып, ишти тездетүү талабын койгон. Ал эми анын курулушуна 93 млн сом каралган.

Аземде сөз сүйлөгөн төрага аталган мектептин эски имаратында балалык чагы өткөнүн, кийин окуучуларга мектеп катары берилгенин эске салып:

“Эми кайрадан жаңы мектептин ачылып жатышы, айыл эли үчүн чоң жаңылык. Мындай саамалык өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырылууда. Быйыл эле 100 мектептин курулушу жүргүзүлүп, айрымдары колдонууга берилүүдө. Бул албетте чек эмес. Өлкө жетекчилеринин туура жүргүзгөн саясатынын аркасында дагы далай жакшы иштер жасалат. Мектеп, бала бакча, оорукана өңдүү жаңы социалдык мекемелер курулуп, калктын жашоосун жакшыртууга багытталган долбоорлор улантылат”, – деп белгиледи.