Ала-Буканын «Жайыт комитетинин» төрагасы өзбекстандыктардын малын кармап пара талап кылган – УКМК

УКМК тарабынан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а «Жайыт комитетинин» төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Такталгандай, УКМКга Өзбекстандын жараны 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн эки миң доллары өлчөмүндө акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а «Жайыт комитетинин» төрагасы К.у.К. карата чара көрүү боюнча кайрылган.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү бир миң доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.