«Манас» Алматыдан QAZAQ AIR биринчи учагын кабыл алды

«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 11-сентябрында Алматыдан (Казакстан) QAZAQ AIR авиакомпаниясынын биринчи каттамын кабыл алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Qazaq Air авиакомпаниясынын учагы Алматы-Бишкек багыты боюнча 41 жүргүнчүсү менен «Манас» эл аэропортуна конду.

Каттам жумасына 2 жолу аткарылат - жума жана дүйшөмбү күндөрү.

Каттамдар 11-сентябрда аткарылып башталса, билеттер бүгүнтөн баштап сатыла баштады. Шаарлар ортосундагы каттамдар заманбап, ыңгайлуу De-Havilland Dash 8-Q400 авиакемелери менен жумасына 3 жолу - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү (жергиликтүү убакыт боюнча) аткарылат. Билеттерди flyqazaq.com расмий сайтынан сатып алсаңыздар болот.