Түп районунда 8.8 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Түп районундагы Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8.8 чакырым жерине асфальт төшөлдү. Бул тууралуу транспорт министри Тилек Текебаев билдирди.

Маалыматка ылайык, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары иштеп, жаңы алынып келинген техникалар иш ыргагын кыйла ыкчамдатып, жумуштар белгиленген мөөнөттөн эрте жыйынтыкталды.

Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 8 чакырым 800 метр жерине 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Жер иштери июль айында башталган. Этап-этабы менен жасалган бул жол бардык нормаларга жооп берет.